Парламенттик шайлоолордун расмий жыйынтыгы 18-декабрда чыгарылат

Парламенттик шайлоолордун расмий жыйынтыгы 18-декабрда чыгарылат. Добуштарды эсептөө процедурасы тууралуу кененирээк БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.

 

Эртең мененки саат 8де башталат, кечки 20:00дө бүтөт. Кудай буюрса, пландаштырып атабыз, 1,5 сааттын ичинде жыйынтыкталып калат. Алдын-ала жыйынтыктар чыгат. Албетте, андан кийин бизге убакыт керек. Жер-жерлерден кол эсеп аркылуу протоколдорду күтөбүз. Негизинен толук жыйынтыкты биз 2021-жылдын 18-декабрына чейин пландаштырып атабыз

 

Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.