Россия Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтөт

Россия Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, техникалар грант катары ыйгарылат. Жардамдын

суммасы 20 миллион долларга бааланат. Биринчи партия менен

августта 100дөн ашык өрт өчүрүүчү техника,

2 тик учак жана кошумча жабдуулар жеткирилет.