Баткенде абал салыштырмалуу тынч

Баткенде абал салыштырмалуу тынч. Бийлик жаңжал учурунда эвакуацияланган кыргызстандыктарды кайрадан чек арага жакын жайгашкан айылдарга, өздөрү туруктуу жашаган аймактарга алып келе баштады.

 

Соңку маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга тажик тараптын кол салуусунан 34 адам каза болуп, 178 киши жабыркады. Көз жумгандардын үчөө аскер адамы болсо, калгандары жай тургундар, арасында бир өспүрүм кыз бар.