Ордо калаа көчөлөрүн жарыктандыруу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул жолу жарык диоддук чырактар “Рухий-Мурас” конушунун 2-3-5-8-жана Бейшеналиева көчөлөрүнө орнотулду.
Бул максатта 50 кронштейн тургузулуп, 2 миң чакырымдан ашык электр линиялары тартылды. Муниципалитеттен белгилешкендей, бул максатта иштер дагы уланат.