Россия өкмөтү Кыргызстандагы окуучуларга мектептен ысык тамак берүү системасын өнүктүрүү долбооруна 15 миллион доллар бөлөт.
Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Каражат 2023-2026-жылга каралган Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын линиясы менен берилет.
Белгилеп кетсек, соңку 10 жылда мектептердеги тамактандыруу программасын ишке ашырууга жалпысынан 22 миллион сом бөлүнгөн.