Бишкекте өзгөчө абал киргизилет

Бишкекте өзгөчө абал киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, 25-мартта таңкы саат 8ден 15-апрелдин таңкы саат 8ине чейин ордо калаада коменданттык саат киргизилип, жарандардын жүрүүсүнө жана транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет.

 

Коомдук жайлар, стратегиялык объектилер кайтарууга алынат. Ал эми уюм, ишкана, компаниялардын жетекчилигине иш тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.