«Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштагандан бери 107 иш сотко өттү

«Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштагандан бери 107 иш сотко өттү.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын

башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев novosti.kgге билдиргендей,

103 токтом күчүндө калтырылып, төртөө жокко чыгарылды.

Жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн чыгарылган токтомдорго

макул болбогон айдоочулар доо арызын беришет. Учурда аталган

иштер боюнча сотто өндүрүштүк материалдар жок, — деди Сатыбалдиев.