Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн хижама колдонулбайт

Кыргызстанда коронавирус жана пенвмонияны дарылоо үчүн хижама колдонулбайт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирет.

Анын айтымында, хижама медицина ыкмасы катары лицензияланып, клиникалык протоколдордо

бекитилген эмес. Аны менен кан аркылуу оорулар жугушу ыктымал. Андыктан мындай жол менен

дарылануу адам өмүрүнө кооптуулукту жаратат. Белгилеп кетсек, соцтармактарда коронавирус жана

пневмонияны дарылоо үчүн хижама жасатуу керектиги тууралуу видео тарап жатат.