Бишкекте рулдагы айымдарга гүлдестелер тапшырылат.
Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы
башкармалыгынан novosti.kgге билдиришти. Маалыматка караганда,
аталган иш-чара аялдардын эл аралык майрамы 8-мартта Ала-Тоо
аянтында өткөрүлөт. Айдоочу айымдарга гүл тапшыруу республика
боюнча жүрөт жана мындай учур салтка айлангандай жыл сайын аткарылып келет.