Ош шаарынын бюджети 195 миллион сомго көбөйөт.
Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 2020-жылга жергиликтүү бюджетти 1 миллиард 322 миллион сомго
бекитүү сунушталууда. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 195 миллион сомго көп.
Билдирүүгө ылайык, мэр Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга
жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү тапшырмасын берди.