Кыргызстанда доллар курсу кайрадан арзандап баштады. Бүгүнкү күндө акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 82 сом 30 тыйындан сатып алып, кайра 83 сомго сатышууда.
Муну менен 2 күндө доллар 2 сомго позициясын жоготту. Эске салсак, өткөн жумада америкалык валютанын куну өсүп, 85 сомго жеткен. Серпилүүнү алдын алуу үчүн Улуттук банк интервенция өткөргөн болчу.