Садыр Жапаров электр энергиясынын жаңы тарифтерин сунуштады

Садыр Жапаров электр энергиясынын жаңы тарифтерин сунуштады. Кечээ энерго тармактын эксперттери менен жолугушууда өлкө башчы энергосектордогу маселелерди тез арада чечүү керектигин белгилеп, бир нече сунуштарды киргизди. Алсак, 77 тыйындык тарифти 74 тыйынга төмөндөтүп, аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн чектөөнү алып салуу сунушталды.

 

Ошондой эле, Жапаров алыскы жана тоолуу райондордун тургундары үчүн чектөөлөрдү алып салып, электр энергияны аларга   1 сом 4 тыйындан сатуу керек деп жарыялады. Ал эми бай үй-бүлөлөргө жарыкты чектөөсүз бир киловатын 1 сом  48 тыйындан сатуу сунушталды.

 

Белгилеп кетсек, шайлоо алдында Садыр Жапаров тарифтерге өзгөртүүлөр киргизилбейт деп убадалаган.