Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күнгө газ жок болот.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей, 22-октябрь, жумага чейин
Путепроводная көчөсү — Чыгыш Чоң Чүй каналы, Виноградная — Ауэзов көчөлөрү,
Туңгуч кичи району, Алтын-Ордо конушунда көгүлтүр от берилбейт. Убактылуу
өчүрүүлөр Рухий-Мурас конушуна газ киргизүү иштерине байланыштуу.