Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы 7-октябрга чейин сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, күн сайын аба табы 5 градуска төмөндөйт.
Жума күнү кадимки суук түшөт. 2-октябрда республиканын түштүгүндө нөшөрлөгөн жаан жаайт, ал эми Ысык-Көл, Чүй, Нарын жана Талас облустарына кар аралаш жаан ишембиде келет. Тоолуу аймактарда кар жаап, жолдордо муз тоңот. Өрөөндөрдө 2-3-4-октябрда 3…5 градуска чейин үшүк жүрөт.
Аба-ырайынын мындай шарттары талаа жыйноо жана мал кайтаруу иштерине тоскоолдук жаратат.