Былтыр микро насыя алган кыргызстандыктардын саны көбөйдү.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2020-жылы дээрлик 707 миң адам ссуда алды.
Көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 13,2 пайызга жогорулады. Микрокредиттерди алгандардын көбү
Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарына жана Бишкекке туура келет. Бересе алган жарандар акчаларын
айыл-чарбаны өнүктүрүүгө, карыздарын жабууга, соода жана
коомдук тамактанууга, ошондой эле курулушка багытташты.