Учурга карата Суэцк каналы аркылуу 100дөн ашык кеме өткөрүлөт.
Жалпысынан кезек күткөндөрдүн саны 400дөн ашык. Жакынкы аралыкта эки тарапта жаралган
тыгындарды жоюу боюнча график түзүлөт. Суэцк каналын кыймылга жаап калган контейнер
ташыган кеме кечээ гана ордунан жылдырылды. Мындай кырдаалга карата жоопкерчилик
капитанга тагылып жатат. Белгилүү болгондой, канал авариядан улам суткасына 15 миллион
доллардан жоготуп жатты. Эми иликтөөнүн жүрүшүндө компенсацияны ким төлөй турганы аныкталат.