Анализдин таза чыгышы коронавирустун жоктугуна кепилдик бербейт

Анализдин таза чыгышы коронавирустун жоктугуна кепилдик бербейт.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында,

вирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күндөн дагы көбүрөөк болушу мүмкүн.

Ошондой эле анын бир нече этабы бар жана айрым учурда тест вирусту

так көрсөтпөй коюшу ыктымал. Вирус эмеректе, кийим-кечеде болсо да жуга

берет», — деди Үсөнбаев. Өлкөдө коронавируска кабылгандардын

саны 843кө жетти, анын 600ү айыгып чыкса, 11 бейтап каза тапты.