Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Гоголь, Фрунзе, Ибраев көчөлөрүндө, Чыгыш-5, Жал, 8-кичи райондордо, Көк-Жар, Ак-Ордо конуштарында жана Беш-Күнгөй, Байтик, Асылбаш, Новопавловка, Манас, Беловодское айылдарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.