Баткен облусунда жер титиреди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ кечинде катталган зилзаланын күчү
Ак-Татыр айылында 4 балл, Үч-Дөбө, Рават жана Самаркандек айылдарында 3,5 балл,
Кара-Суу айылында 3 балл жана Баткен шаарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Алдын-ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.