Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун жалпы узундугу 186 чакырымга жетет

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун жалпы узундугу 186 чакырымга жетет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Абдес Анарбеков билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата темир жолдун 500 метрден ашык тилкеси төшөлдү. Иштер толугу менен 2030-жылга чейин аяктайт деп күтүлүүдө. Жолдун курулушун тез арада жыйынтыктоо үчүн бийлик насыя алуу варианттарын дагы караштырып жатат, — деди Анарбеков.