Германия банкы Кыргызстандын дээрлик 15 миллион евро карызын кечет

Германия банкы Кыргызстандын дээрлик 15 миллион евро карызын кечет. Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдиргендей, немис каржылык мекемеси каражатты Мамлекеттик ипотекалык компанияга берүү шартын койду.

 

Ага ылайык, өлкө бюджетинен уюмга 3 жыл ичинде сумма толугу менен которулушу керек. Анын натыйжасында бересе кечилди деп саналат.

 

Аталган макулдашуу бүгүн Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду.