Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны 3,4 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны бир жылда 3,4 пайызга көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 1-октябрга карата

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жумуш менен

камсыздоо кызматына 104 миң жаран жумушсуз деп катталды. Анын 79 миңи

сунушталган кызматтан эки ирет баш тарткан.  Бош жүргөндөрдүн

46 пайызын аялдар түзсө, калган 54 пайызын эркектер ээлейт.