Бишкекте кыймылсыз мүлккө кадастрдык баалоо жүргүзүлүп баштайт

Бишкекте кыймылсыз мүлккө кадастрдык баалоо жүргүзүлүп баштайт. Бул тууралуу Экономист агенттигине Жер ресурстары кызматынын директору Асылбек Сатывалдиев билдирди.

 

Анын айтымында, пилоттук долбоордун алкагында иштер коммерциялык объектилерден башталат. Бул салык төлөөдөн качкандар менен күрөшүүгө багытталган иш-чара.

 

Күтүлгөндөй, бул система мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле жеке турак-жайларды баалоо жүргүзүлөт. Бирок аянты 150 чарчы метрден ашкан үйлөр гана текшерилет.