АКШ Кыргызстанга эски ок-дарыларды жок кылуу үчүн 2 миллион доллар бөлүп берүү ниетинде. Бул тууралуу аталган өлкөнүн элчилигинен билдиришти. Каражат кийинки жылы берилет.
Долбоор өлкөнүн Чек ара кызматы жана ЕККУ менен биргеликте ишке ашырылат. Жок кылына турган ок-дарылардын так саны айтыла элек.