Кыргызстанда кышка даярдануу планга ылайык жүрүп жатат

Кыргызстанда кышка даярдануу планга ылайык жүрүп жатат.

Бишкек жана Ош ТЭЦтери жылуулук сезонуна даяр.

Бул тууралуу Өнөр жай жана энергетика комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ТЭЦине июнь айында 5 миң, августта 10 миң тонна кара отун ашыкча жеткирилген.

Эми 30-сентябрдан тартып Кара-Кече — Дыйкан жолу ачылса, кайрадан көмүр ташуу жанданат. Эске салсак,

14-сентябрда Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенине барчу стратегиялык жол тозулуп калган.

Жумгалдагы көмүр кендеринен Бишкек ЖЭБине жыл сайын 700 миң тонна көмүр ташылат.