Кыргызстан бийлиги коомдук жайларда санитардык коопсуздук чараларын күчөтөт.
Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, кеп, коомдук унаа, тамактануу түйүндөрү жана
соода аянттары тууралуу болуп жатат. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей,
санитардык талаптардын сакталышын текшерүүнү жана бет кап тагынуу режимин күчөтүү зарыл.
Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун камсыз кылуу
тапшырмасын жергиликтүү бийлик органдарына берди.