Бишкекте өткөн дем алыш күндөрдөн тартып жаздагыдай аба-ырайы катталууда.
Күндүз абанын табы +15 градуска чейин жылып жатат. Жылуу түнкүсүн да сезилүүдө.
+ көрсөткүчүндөгү температура жума күнү кечке чейин сакталат. Бирок эртең,
кыштын ортосунда ордо калаада жаан жаайт. Андыктан кол чатырды унутпоо сунушталат.
Бейшембиде жаан-чачын күтүлбөйт. 22-январдан тартып кар жаап, өтө катуу эмес суук болот