Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү үчүн атайын рейс Ульяновскко учуп кетти

Россиядагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн учак Ош аэропортунан Ульяновск облусуна учуп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалыматына караганда, маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу самолет Кыргызстанга кечки саат 6да келип конот.

Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Сөөктү тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү тосуп алып, маркумдардын мурда жашаган айылдарына жеткирилет, — деп айтылат маалыматта.

Каргашалуу окуяга байланыштуу Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө.