Бишкектен Баткенге аба каттамдардын саны көбөйтүлдү.
Жарандык авиация департаментинин маалыматына караганда, аймакка учак жумасына эми эки жолу каттайт.
Ал эми июндан тарта Жалал-Абадга каттамдарды көбөйтүү пландалууда.
Ведомство ошондой эле россиялык авиакомпания менен Кыргызстандын авиакомпаниялары учпаган багыттар боюнча өлкөгө жүк-200дү бекер ташып келүү тууралуу келишимге жетишкенин билдирди.