Ош шаарындагы муниципалдык транспортко кассалык аппараттар орнотулду.
Түштүк борбордун мэриясынан билдиришкендей, жол кирени накталай жана электрондук карта менен төлөсө болот.
Накталай төлөм 10 сом, карта менен 8 сом.
Картаны “Юго-Восток” жана ХБК кичи райондорундагы троллейбустардын акыркы аялдамаларынан, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынан сатып алса болот.