Бишкекте Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолуп жатат

Бишкекте Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолуп жатат.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, иштер учурда анын Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүүдө. Куруучулар асфальттын эски катмарын алып, соода күркөлөрүн түрттүрүштү.

 

Учурда жаңы асфальт төшөөгө даярдык иштери аткарылып жатат. Андан кийин бордюрлар орнотулат.