Бишкекте таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушу ушул күздө башталат. Буга калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров ишендирүүдө. Анын айтымында, масштабдуу долбоорду чехиялык компания колго алат.
Мэр кошумчалагандай, учурда техникалык-экономикалык негиздеме иштелип жатат. Жол картасына ылайык, заводдун курулушуна октябрь айында капсула салуу пландалууда.
Объект эки жылдын ичинде полигондун жанына курулууга тийиш.