Кыргызстанга киргендердин ПЦР-тестинин мөөнөтү кыскарышы ыктымал

Кыргызстанга киргендердин ПЦР-тестинин мөөнөтү кыскарышы ыктымал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкө аймагына чет өлкөдөн келгендердин

коронавируска каршы тапшырган тестинин мөөнөтүн 72 сааттан 48 саатка азайтууну

тапшырды. Белгилеп кетсек, вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан

тартып Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун

тастыктаган ПЦР-тест вакцина алганына карабай талап кылынат. Ал эми жаңы

штамм катталган өлкөнүн жарандары Кыргызстан аймагына киргизилбейт.