Премьер-министр кыргызстандыктарга кайрылып, той-аштарды токтотуп турууга чакырды

Премьер-министр кыргызстандыктарга кайрылып, той-аштарды токтотуп турууга чакырды. Кубатбек Бороновдун айтымында, өлкөдө дагы деле эпидемиологиялык кырдаал турукташа элек, андыктан, көп сандагы адамды чогултуу кооптуу.

 

Ошондой эле  өкмөт башчы  кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларда карантиндик чектөөлөрдүн аткарылышын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү текшерип жатканын эскертти.  Бегилеп кетсек, республикалык штаб кафе, ресторан жана башка көңүл ачуучу мекемелерди көзөмөлгө алууну күчөттү.