100 миң сомго чейин насыя алган жарандар пайыздарын төлөөдөн бошотулат

100 миң сомго чейин насыя алган жарандар пайыздарын төлөөдөн бошотулат. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, жеңилдетүүлөр 3 ай аралыгында күчүндө болот – декабрь, январь жана февралда.

 

Мындай чечим коронавирус пандемиясына байланыштуу кабыл алынды. Бирок жарандын 100 миң сомго чейин бир нече насыясы бар болсо, анда жеңилдиктер бирөөсү үчүн гана берилет.