Бишкекте суу пайдалануу эрежелерин бузгандарга карата чара көрүлүп баштады

Бишкекте суу пайдалануу эрежелерин бузгандарга карата чара көрүлүп баштады.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек суу канал” башкармалыгы суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануудагы эрежелердин сакталышын текшерген рейд жүргүздү.

 

Анын жыйынтыгы менен 43 жаранга карата акт түзүлдү. Эреже бузгандардын ар бирине 8 миң 200 сомдон айып салынды. Шаар бийлиги бишкектиктерди уруксатсыз түтүк, канализацияларга кошулбоого чакырат.