Юридикалык тараптар үчүн Бирдиктүү декларацияны тапшырууга берилген мөөнөт бүгүн аяктайт.
Салык кызматынан эскертишкендей, бүгүн кечке чейин уюмдар, чарбачылыктар жана чет элдик
компаниялар кирешеси боюнча отчетторду тапшырышы зарыл. 1-мартка чейин Бирдиктүү
декларацияны тапшырбагандарга 5 миң сомдук айып салынат.