Кыргызстандын ирригациялык системасын сугат мезгилине даярдоо иштери уланууда

Кыргызстандын ирригациялык системасын сугат мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

 

Быйыл 363 насостук агрегатты оӊдоо, 26 насостук агрегаттарды жаӊылоо пландалууда. Белгилеп кетсек, республика боюнча жалпы 120 насостук станция бар, аларга 365 насостук агрегат орнотулган.