Бишкекте Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата 76 бак отургузулду

Бишкекте Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата 76 бак отургузулду. Иш-чараны уюштуруучулардын курамына Коргоо министрлиги, Бишкек мэриясы жана коомдук фонддордун бири кирди.

 

Жалпысынан 76 көчөт отургузулуп, анын 28и атактуу панфиловчулардын элесине арналды. Бул «Эскерүү багы» деп аталган эл аралык акциянын алкагында жасалды.