Бишкекте видео байкоо камераларын орнотуу уланууда

Бишкекте видео байкоо камераларын орнотуу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, эми алар борбордук бөлүктө гана эмес, шаар четинде дагы пайда болду. Долбоорду ишке ашырууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

 

Жалпысынан ордо калаада 2 миңден ашык камера орнотуу пландалууда. Алар күндүз дагы, түнкүсүн дагы түстүү кылып тартууга ылайыктуу болот.