Жогорку Кеңеш казиного уруксат берүү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш казиного уруксат берүү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

 

Мындай демилгени министрлер кабинети сунуштап, парламентке жөнөткөн. Талкуунун соңунда мыйзам долбооруна 55 депутат «макул», 14ү «каршы» добушун берди.

 

Белгилеп кетсек, өкмөт казино, онлайн-казино, автоматтык оюндар, букмекердик контора сыяктуу кумар оюндарынын түрлөрүнө уруксат берүү менен бюджетти жылына 2 миллиард сом менен толуктоо ниетинде. Казинолорго чет элдиктер гана кирип, кыргыз жарандарынын ойношуна тыюу салынат.