Бүгүн шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Ал эми айылдык кеңештердин үгүт кампаниясы 23-марттан тарта жүргүзүлөт.
Талапкерлердин жарнамасы добуш берүүгө туура бир күн калганда токтотушу керек. Эске салсак, 5 шаарда жана 25 айылдык кеңешке шайлоолор 12-апрелде өтөт.