Быйылкы жылдын апрель айы тарыхтагы эң ысык болду. Муну европалык климаттык кызмат – Коперниктин маалыматтары тастыктайт.
Рекорддор 11 ай катары менен коюлду.
Эксперттердин айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби – казылып алынган отунду күйгүзгөндөн чыккан парник газдары. Бул кургакчылык жана суу ташкындары сыяктуу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө алып келет.