Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоолоруна карата жарандар 24-марта чейин өздөрүн тизмеде тактап алышы керек. Муну 1255 же 119 кыска номерлери аркылуу билсе болот.
Андан тышкары, tizme.gov.kg порталында толук тизме жарыяланган, — дешти Боршайкомдон. Андан белгилешкендей, кандайдыр бир катачылыктар болсо, жарандар арыз менен аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышы керек.
Эске салсак, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында айылдык кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт.