Бишкекте жаңы бала бакча ачылды. Мэриядан билдиришкендей, кеп,
Тыныстанов көчөсүндө өрттөнүп кеткен салык инспекциясынын имаратынын
ордунда ачылган мектепке чейинки даярдоо мекемеси тууралуу болуп жатат.
Бакчанын аянты 1 миң 200 чарчы метрди түзөт. Анда балдар 4 тайпада
тарбияланат. Курулуш иштерине 35 миллион сом сарпталды.