Бишкекте жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Объект Жибек Жолу проспектинде жайгашат. Борбор “ачык майдан” форматында иштейт. Ошондой эле, анын иш тартибин карап чыгуу суроосу көтөрүлдү: болжол менен болбор кечки саат 10го чейин иштейт.
Кошумчалап кетсек, бүгүнкү күндө ордо калаада калкты тейлөө боюнча 6 борбор иштеп жатат.
Ал эми Кыргызстан аймагында 26 борбор бар.