Бишкекте жана аймактарда 95-үлгүдөгү бензин дээрлик жокко эсе болууда. 24 агенттиги жазгандай, күйүүчү майдын бул түрүнүн жетишсиздиги жайында эле байкалып баштаган. Ал эми бүгүнкү күндө абал такыр эле оорлошту.
Учурда Аи-95 бензини ири май куюу тармактарында эле бар. Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов маселелер чындыгында бар экенин моюндады. Ал түшүндүргөндөй, бул Россиядагы бул отун жетишсиздигине байланыштуу.