Россияда такси айдаган мигранттарга соттуулугу тууралуу маалымат берүү эскертилди

Россиянын такси кызматында иштеген мигранттар соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтарды бериши керектиги эскертилди.

Бул маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 18-октябрда түшүндүрүү иштеринин алкагында «Яндекс Такси» компаниясынын өкүлдөрү жана кыргызстандык активисттер менен уюштурган жолугушууда айтылды.

Анда «Яндекс такси» компаниясынын өкүлдөрү Россия мыйзамдарындагы такси кызматындагы жаңы тартип тууралуу маалымат беришти. Ага ылайык, Россияда жүргүнчү ташып иштөөнү каалаган жарандар Россиянын жана Кыргызстандын тиешелүү органдарынан соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы же реабилитациялык негизде жазасы токтотулганы жөнүндө маалымкат алууга тийиш.

Элчилик Россиянын аймактарында такси кызматында иштеген кыргызстандыктарды бул өлкөнүн мыйзамдарын сактоого жана Кыргызстанда соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алууга чакырды.

Маалымкатты Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн, консулдук мекемелеринен жана Ички иштер министрлигинен алууга болот.

Россияда 1-сентябрдан тарта соттуулугу жоюлбаган, үч же андан көп төлөнбөгөн айыптары бар жарандарга таксиде иштөөгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Кийинчерээк Мамдуманын депутаттары жүргүнчү ташуу менен алектенүүгө Россиянын айдоочулук күбөлүгүнүн негизинде гана уруксат берүүнү сунуштап чыгышкан.

Алар “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамды өзгөртүп, андагы Кыргызстандын жана орус тили расмий тил болуп саналган башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүгү менен Россиянын аймагында такси жана автобус айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берген ченемди мыйзамдан алып салууну талап кылышкан.

Буга чейинки расмий маалыматтарда Россияда жашап, иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылган.