Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда

Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилерин бойлой Түндүк көчөсүнө чейин 50 жарнама конструкциясы, анын ичинде 8 жарнама тактасы жана 42 баннер демонтаждалды.

 

Ошондой эле Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн күркө жана Түштүк-2 кичирайонунда жайгашкан жалпы аянты 40 чарчы метр болгон контейнер ээси тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалды.

 

Иштер шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.