Бишкекте ишембиликтин алкагында 290 тонна таштанды чыгарылды

Бишкекте 16-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, fu 33 миң 481 адам жана 1141ден ашык мекеме-уюм катышты. Анын алкагында 48 техника тартылып, 290 тонна таштанды чыгарылды.

 

Bш-чара президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар аралыгында тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.